Түштүк Корея учкучсуз учуу апарттарга каршы  системаны сатып алууну пландаштырууда

2022 - жылдын декабрында Түштүк Корея  аба мейкиндигин бузган Түндүк Кореянын учкучсуз учактарына эскертүү иретинде ок аткан.

2008026
Түштүк Корея учкучсуз учуу апарттарга каршы  системаны сатып алууну пландаштырууда

Түштүк Корея негизги аскердик объектилер менен  мамлекеттик имараттардын коопсуздугу үчүн интеграцияланган учкучсуз учуу апарттарга каршы  системаны сатып алууну пландаштырууда.

Түштүк Кореянын коргонуу аппараттарын сатып алуу программасы агенттиги (DAPA) ыктымалдуу учкучсуз учуучу аппараттарынын кол салуусуна каршы 37,2 миллион долларлык сатып алуу долбоорун жарыялады.

Түндүк Кореяга таандык учкучсуз учуучу аппараттарга каршы коргонуу көлөмүн өнүктүрүүнү максат кылган DAPA  аба, кургактык жана деңиз күчтөрү тарабынан колдонула турган интеграцияланган учкучсуз учуучу аппараттарга каршы системаны жергиликтүү фирмалардан сатып алууну пландоодо.

Системанын кичинекей  учкучсуз учуучу аппараттарды аныктоо жана сигналдарын бузуу менен таасирсиз абалга алып келүүсү күтүлүүдө.

DAPAнын катчысы Чой Кюнг-хо пресс – жыйынында интеграцияланган учкучсуз учуучу аппааттарга каршы системаны   убагында сатып алуу үчүн бардык аракеттерин  жумшай тургандыктарын билдирди.

2022 - жылдын декабрында Түштүк Корея  аба мейкиндигин бузган Түндүк Кореянын учкучсуз учактарына эскертүү иретинде ок аткан.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар