АКШда куралдуу кол салуулар: 15 киши каза болду

АКШда 4-июль Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо жумасында ар башка штаттарда болгон көптөгөн куралдуу кол салууларда 15 киши каза болду.

2007778
АКШда куралдуу кол салуулар: 15 киши каза болду

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) 4-июль Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо жумасында ар башка штаттарда болгон көптөгөн куралдуу кол салууларда 15 киши каза болду.

2-июлда Балтимордогу кечеде куралчан кол салуудан эки адам каза болуп, 28и жарадар болгон, алардын көбү 18 жашка чыга элек.

Филадельфияда 3-июлда болгон куралдуу кол салууда 5 киши каза болуп, 2 жана 13 жаштагы 2 бала жарадар болгон.

4-июлда Техас штатынын Форт-Уэрт шаарынын түштүк-батышындагы Комо конушунда фестивалдын катышуучуларын бутага алган куралдуу кол салууда 3 киши каза болуп, 8 киши жарадар болгон.

Ошол эле күнү Флорида штатынын Тампа-Бей капчыгайында чогулган эки топтун ортосундагы уруштун натыйжасында 7 жаштагы бала атып өлтүрүлгөн.

Кечээ Мэриленд штатынын Чыгыш жээгиндеги кечеде куралчан кол салуудан 14 жаштагы бала каза болуп, алтоо жараат алды.

Луизиана штатынын Шревепорт шаарындагы көчө кечесинде кечээ болгон куралдуу кол салууда 3 киши каза болуп, бири оор 10 киши жараланды.



Тектеш кабарлар