Грециянын тышкы иштер министри Түркия менен диалогго даяр экендерин билдирди
Тышкы иштер министри кызматына келгенден кийин Кипр Рум башкаруусуна барган Ерапетритис Рум башкаруусунун тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту.
![Грециянын тышкы иштер министри Түркия менен диалогго даяр экендерин билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/5809/0f44/7640/64a41d1d17715.jpg?time=1718759449)
Грециянын тышкы иштер инистри Йоргос Ерапетритис өлкөсүнүн Түркия менен акыркы мезгилде пайда болгон позитивдүү атмосфераны карап чыгууга жана келишпестиктердин чечлиши үчүн диалогго даяр экендигин айтты.
Тышкы иштер министри кызматына келгенден кийин Кипр Рум башкаруусуна барган Ерапетритис Рум башкаруусунун тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту.
Ерапетритис Твиттер эсебинен жасаган билдирүүсүндө жолугушууда Кипр маселеси, эки тараптуу карым-катнаштар, аймактык кызматташтык, Европа Биримдиги темалары жана эл аралык абалдардын талкуулангандыгын белгиледи.
Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн биргелешкен пресс-конференцияда сөз сүйлөгөн Ерапетритис, Кипр маселесине туруктуу чечүүчү жол издөөнүн Грециянын тышкы саясатынын негизги приоритеттеринин бири экендигин айтты.
Ерапетритис Грециянын Түркия менен болгон карым-катнаштардагы акыркы позитивдүү атмосферадан пайдаланууга жана континенталдык шельф жана өзгөчө экономикалык аймак боюнча талаштарды чечүү үчүн эл аралык деңиз мыйзамдарынын негизинде диалог шарттарын калыптандырууга даяр экенин баса белгиледи.
Комбос болсо Кипр маселесинин чечилиши Кипр Рум башкаруусу үчүн маанилүү экенин белгилеп, чечүүчү жол издөөдөгү туюктан чыгуу жана сүйлөшүүлөрдүн башталышы үчүн Европа Биримдигинин кошо турган салымына чоң маани бергендерин айтты.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718759450)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.