Германияда вакцина тууралуу иш козгоолор
COVID-19 вакцинасын чыгарган кампанияларга карата иш козгоолор карала баштады

Германияда коронавирус вакцинасын чыгаргандарга каршы компенсациялык иш козгоо карала баштады. BİONTECH менен ASTRAZENECAга каршы иш козгоолордо арыздар эмдөөдөн кийин денеге келтирген зыяндардан улам чоң көлөмдө компенсация талап кылды. BİONTECH вакцинасына каршы иш козгоодо 58 жаштагы добогер вакцинадан кийин оң көзүнүн начарлоосунан кампаниянын жооптуу экендигин айтууда. Добогер 150 миң евро компенсация талап кылды. BİONTECH болсо добогердин айыптоосунун негизсиз экендигин жактады. Козголгон иш боюнча чечимдин сентябрь айында чыгышы күтүлүүдө. ASTRAZENECAга карата иш козгоодо добогер ичегилеринин бир бөлүгүнүн алынышына себеп болгондугун айтып 800 миң евро компенсация талап кылды. ASTRAZENECAнын юристтери добогер менен келишим түзүүдөн баш тартышты. Чечимдин 14 - августта чыгышы күтүлүүдө. Германияда июль айынан тарта вакцина чыгаруучуларга каршы 200дөн ашуун компенсация тууралуу иш козголду.