Шойгу Вагнердин куралдуу козголоңу жана Украинадагы фронттордогу абалга сереп салды

Аскердик жетекчилер менен жолугушууда Шойгу орусиялык «Вагнер» жалданма тобунун орус бийлигине каршы өткөн айдагы куралдуу козголоңу тууралуу биринчи билдирүүсүн жасады.

2006440
Шойгу Вагнердин куралдуу козголоңу жана Украинадагы фронттордогу абалга сереп салды

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу орусиялык «Вагнер» коопсуздук компаниясынын куралдуу козголоңу аскер бөлүктөрүнүн аракеттерине таасир этпегенин билдирди.

Аскердик жетекчилер менен жолугушууда Шойгу орусиялык «Вагнер» жалданма тобунун орус бийлигине каршы өткөн айдагы куралдуу козголоңу тууралуу биринчи билдирүүсүн жасады.

Бул козголоңду «өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштыруу аракети» жана «чагымчыл аракет» деп сыпаттаган Шойгу: «Мындай пландар Орусиянын Куралдуу Күчтөрүнүн жеке курамы ант берген баалуулуктарына жана аскердик милдетине берилгендигин көрсөткөндүктөн ишке ашпай калды. Бул провокация аскерлердин аракеттерине эч кандай таасир тийгизген жок. Жоокерлер өздөрүнө берилген милдеттерин кайраттуулук менен жана жан аябастык менен улантышты»,-деп айтты.

Украинадагы фронттордогу абалга токтолгон Шойгу орус куралдуу күчтөрүнүн чабуулдарын улантканын жана украин армиясынын чабуул потенциалын азайткандыгын жактады.

Шойгу украин аскерлеринин Донецк жана Запорожье багытындагы чабуулу ийгиликсиз болгонун айтып: «Бул багыттар боюнча 920 аскердик техника, анын ичинде украин армиясына таандык 15 учак, 3 тик учак, 16 «Леопард» танкы жок кылынды. Бул Польша менен Португалия Украинага жөнөткөн ушул типтеги танктардын дээрлик 100 пайызын түзөт»,-деп айтты.

Украин армиясынын 4-июндан бери 2500гө жакын ар түрдүү куралынан ажыраганын айткан Шойгу, ошол эле мезгилде Орусиянын коргонуу системалары тарабынан 158 «HIMARS» көп стволдуу ракета аткычтары, 25 «Storm Shadow» канаттуу ракетасы жана 386 учкучсуз учуучу аппараттына (ИДМ) бөгөт коюлганын айтты.

Орус министри украин армиясы эч бир багытта өз максатына жете албасын жүйө келтирди.



Тектеш кабарлар