Франциядагы чатактуу окуялар

Француз полициясы 5 күндөн бери уланган нааразылык акцияларында баш калаа Париж баш болгон көптөгөн шаардагы талап-тоноо жана баш аламандыкка байланыштуу коопсуздук чараларын күчөттү.

2005862
Франциядагы чатактуу окуялар

27-июнда Францияда 17 жаштагы Алжир тектүү Наэлдин полициянын огунан каза тапкандан кийин көтөрүлгөн чыңалуу басылбай жатат.

Француз полициясы 5 күндөн бери уланган нааразылык акцияларында баш калаа Париж баш болгон көптөгөн шаардагы талап-тоноо жана баш аламандыкка байланыштуу коопсуздук чараларын күчөттү. Париждеги атактуу Шензелизе көчөсү эвакуацияланды.

Күнү бою уланган кагылышуулар түнү да уланды. Нааразылык акциясы учурунда көптөгөн унаалар өрттөлгөн. Окуяларга 45 миң полиция жана жандармерия кийлигишүүдө.

Түнкү сааттарда 700дөн ашуун демонстрант кармалса, кармалгандардын саны 3000ден ашты.

Париждин түштүгүндөгү шаардын мэринин үйү өрттөнүп жаткан унаанын бутасына алынган.

Үйүнө алар уктап жатканда кол салуу болгонун социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган мэр аялы жана балдары жабыркаганын жазды.

Прокуратура "адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси боюнча иликтөө баштады.

Демонстрацияларды болтурбоо үчүн жетишсиз болгон француз администрациясы жаңы тажрыйбаларды ишке киргизүүгө даярданууда.

Франциянын юстиция министри Эрик Дюпонд-Моретти нааразылык акцияларына катышкан 17 жашка чыга элек балдардын ата-энелери жоопкерчиликке тартылып, 2 жылга эркинен ажыратылып, 30 миң еврого чейин айып пул төлөшү мүмкүн экенин билдирди.

Талаага бронетехника жана кошумча күчтөр тартылды. Буга чейин 1300дөн ашык унаа өрттөлсө, 230дан ашуун имарат өрттөлгөн. Кеминде 30 полиция жана 11 жандармерия бекетине кол салуу болду. Коомдук жайларда 2 миң 560 пункт өрттөлдү.

Франциядагы окуяларды көзөмөлгө алуу үчүн өзгөчө кырдаалды камтыган көптөгөн варианттар үстөлдө турат.

Өлкөдө түнкүсүн коменданттык саат киргизилген шаарлардын саны 10го жетти.

Бир тараптан Түркиядан кийин Канада жана Азербайжан да нааразылык акциялары уланып жаткан Францияга бара турган жарандарына «өтө этият болгула» деп эскертти.

Иран болсо өз жарандарын зарыл болбосо Францияга барбоого чакырды.

27-июнда полиция Нантерре шаарында «токто» деген эскертүүгө баш ийбеген 3 адамы бар унаага ок чыгарып, 17 жаштагы айдоочу каза болгон.

Окуяга байланыштуу тергөө иштери башталса, Наэлдин өлүмүнө реакция кылгандар өлкөнүн ар кайсы шаарларында көчөгө чыгып, полиция менен кагылышты.



Тектеш кабарлар