Орустардын Краматорск  шаарына жасаган кол салуусунда каза болгондордун саны 12ге жетти

Эки күнгө созулган издөө-куткаруу иштеринде ресторандын урандыларынан 4 кишинин сөөгүнүн чыгарылгандыгы билдирилди.

2005539
Орустардын Краматорск  шаарына жасаган кол салуусунда каза болгондордун саны 12ге жетти

Украинанын ички иштер министрлиги орус армиясынын 27-июнда Украинанын Краматорск шаарындагы ресторанга жасаган ракеталык кол салуусунда каза болгондордун саны 12ге жеткенин жарыялады.

Министрликтин социалдык медиа эсебинен жарыяланган билдирүүсүндө 27-июнда орус аскерлеринин Донецк облусунун Краматорск шаарында ресторанга сокку уруусунан кийин башталган издөө-куткаруу иштеринин аяктаганы белгиленди.

Эки күнгө созулган издөө-куткаруу иштеринде ресторандын урандыларынан 4 кишинин сөөгүнүн чыгарылганына көңүл бурулган маалыматта : «Ушундайча каза болгондордун саны 12ге жетти. Алардын бардыгынын өздүгү такталды”,- деп айтылды.

Билдирүүдө кол салууда жаракат алгандардын санынын да 65ке жеткендиги белгиленди.

Краматорск шаардык кеңешинин интернет сайтындагы билдирүүдө орус армиясынын 27-июнда шаарга карай ракеталык кол салуусунда каза болгондор үчүн шаарда 30-июнь жана 1-2-июль күндөрү аза күтүү жарыялангандыгы маалымдалды.



Тектеш кабарлар