Столтенберг: «НАТОнун эшиги Украина үчүн ачык»

Столтенберг 11-12-июль күндөрү НАТОнун саммитин өткөрө турган Литванын борбор шаары Вильнюска барып, Литванын президенти Гитанас Науседа менен жолугушту.

2004391
Столтенберг: «НАТОнун эшиги Украина үчүн ачык»

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг альянстын эшиги Украина үчүн ачык экенин билдирди.

Столтенберг 11-12-июль күндөрү НАТОнун саммитин өткөрө турган Литванын борбор шаары Вильнюска барып, Литванын президенти Гитанас Науседа менен жолугушту.

Науседа менен басма сөзгө маалымат берген Столтенберг 31 союздаш өлкөнүн лидерлери катыша турган саммитте 2022-жылдын 24-февралынан бери Орусия менен согушуп жаткан Украина үчүн узак мөөнөттүү жардам пакетин беките тургандарын белгилеп: «Украина менен саясий байланыштарыбызды арттырабыз. Кабыл алынуучу чечимдер Украинаны альянска жакындатат, анткени Украинанын татыктуу орду НАТО. Бардык союздаштар НАТОнун эшиги ачык экенине, Украинанын мүчө болоруна жана бир гана НАТО жана Украина кошуу үчүн чечим чыгара алаарына, Орусиянын вето коюуга укугу жок экендиги боюнча бирдей пикирде. Согуш аяктагандан кийин тарых кайталанбашы үчүн Украинанын коопсуздугу үчүн чара көрүшүбүз керек»,-деди.

Столтенберг Беларустагы окуяларды жакындан байкашкандарын белгилеп, Орусиянын бул өлкөгө атомдук курал жайгаштырышын айыптап, мунун жоопкерчиликсиз бир кадам болгонун айтты.

«Биз Орусия өзөктүк курал колдонот деген эч кандай белгини көрө элекпиз»,-деп айткан Столтенберг мындан ары да кыраакы боло тургандыктарын баса белгиледи.

Вильнюс саммитинде НАТОнун жаңы аймактык коопсуздук пландарына байланыштуу кадам таштала турганын белгилеген Столтенберг, бул пландарга ылайык 300 миңден ашуун аскердин жогорку деңгээлде даярдыгын, аларга деңиз жана аба элементтери тарабынан колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.

Йенс Столтенберг: «Ошондой эле биз абадан жана ракетадан коргонуунун жаңы трансформациялык моделин абадагы күзөттөн абадан коргонууга тез өткөрүү боюнча макулдаштык»,-деди.



Тектеш кабарлар