Россия менен Вагнердин ортосундагы кризис

Вагнер коопсуздук компаниясынын куруучусу Евгений  Пригожин орус армиясын Вагнерге  кол салуу менен күнөөлөп, жооп берүү үчүн аракетке өткөндөрүн  айтты.

2003874
Россия менен Вагнердин ортосундагы кризис

 Вагнер коопсуздук компаниясынын куруучусу Евгений  Пригожин орус армиясын Вагнерге  кол салуу менен күнөөлөп, жооп берүү үчүн аракетке өткөндөрүн  айтты.

Пригожин Телеграм каналынан берген билдирүүсүндө орус армиясынын Вагнердин лагерлерине кол салгандыгын жана көп сандаган Вагнер аскеринин каза болгондугун айтты.

Вагнердин буга жооп кайтара тургандыгын баса белгилеген Пригожин : «Бүгүн адамдарыбызды өлтүргөн жана  10 миңдеген орус аскеринин өлүмүнө себеп болгондор жазаландырылат. Алдыбызга чыкканды коркутуу катары кабыл алабыз жана ошол эле учурда жок кылабыз. Жолубузду тосууга аракет кылбагыла. Баштаган нерсебизди акырына чыгаргандан кийин кайрадан фронтко кайтабыз жана өлкөбүздү коргойбуз»,- деди.

Россиянын коргоо министрлигинен берилген маалыматта Вагнердин лагерлерине байланыштуу соцтармакта орун алган видеолордун «жасалма» жана «провокация» экендиги белгиленди.

Билдирүүдө : «Пригожин жана жактоочуларынын жасагандары куралдуу козголоң»,- деп айтылды.

Россиянын Терроризм менен күрөшүү боюнча улуттук комитетинен берилген билдирүүдө да Пригожиндин сөздөрүнүн чындыкка дал келбегендиги белгиленип : «Федералдык коопсуздук кызматы  куралдуу козголоң чакырыгына каршы кылмыш ишин козгоду.  Мыйзамсыз иштердин дароо токтотулушун талап кылабыз»,- деп айтылды.

Кризистен улам Украина чек арасына жакын орус аймактарында коопсуздук чаралары көрүлүп, Евгений Пригожиндин башкаруусундагы Вагнер тобу Ростов  - на  Донудагы Россиянын Түштүк аскер округунун башкы кеңсесинин имаратын курчоого алды.

Пригожин Ростовдогу аскердик аэропорт менен бирге аскердик объектилерди көзөмөлгө алгандарын билдирди.

Федералдык коопсуздук кызматы Вагнер мүчөлөрүнө жаңылыштык кетирбөө, Пригожиндин кылмыш буйругуна баш ийбөөгө жана Пригожинди камакка алууга чакырды.



Тектеш кабарлар