Россия Киевге ракеталык чабуул жасады

Орус армиясынын түнү менен Украинанын борбор шаары Киевге жасаган жыйырмадан ашуун ракеталык кол салуусунда эки киши каза болуп, он бир киши жаракат алды.

2003865
Россия Киевге ракеталык чабуул жасады

 Орус армиясынын түнү менен Украинанын борбор шаары Киевге жасаган жыйырмадан ашуун ракеталык кол салуусунда эки киши каза болуп, он бир киши жаракат алды.

Россия менен Вагнер коопсуздук компаниясынын ортосунда чыккан кризистен  кийин Россия Украинага катуу чабуул жасады.

Киев шаарынын аскердик башкармалыгынын башчысы Сергей Попко орус армиясынын бүгүн түнү Киевге абадан кол салуу жасагандыгын айтты.

Орустардын Каспий деңизи тарабынан X-101/555 ракеталарын аткандыгын айткан Попко : «Киевдин айланасындагы  аба аянтынан жыйырмадан ашуун ракета аныкталды жана абадан коргонуу күчтөрүбүздүн күчү  жана куралдар менен жардырылды»,- деди.

Попко ракета бөлүкчөлөрүнүн борбор шаардын Соломянка районундагы бир имаратка келип түшкөндүгүн жана бул жерде өрт чыккандыгын белгиледи.Попко кол салууда эки кишинин каза болгондугун, он бир кишинин жаралангандыгын айтты.

Украинанын Днепропетровск  аймагынын аскердик башкармалыгынын башчысы Сергей Лисак да кечээ түнү орустардын аймакка катуу чабуул жасагандыгын жана сегиз кишинин жаракат алгандыгын анын ичинен экөөсүнүн бала экендигин  билдирди.

Харков аймагынын аскердик башкармалыгынын башчысы Олег Синегубов да орустардын аймакты С  - 300 ракета системасы менен аткандыгын, ракетанын жаратылыш газ түтүгүнө келип түшүшү менен өрттүн чыккандыгын, кол салууда өлүм  - житимдин болбогондугун  белгиледи.



Тектеш кабарлар