Блинкен - Гутерриш сүйлөшүүсү

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Мэтью Миллер жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2003548
Блинкен - Гутерриш сүйлөшүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриш менен телефон аркылуу келерки айда мөөнөтү бүтө турган Кара деңиз дан коридору келишиминен Орусиянын чыгуу ыктымалдыгына байланыштуу сүйлөшүү өткөрдү.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Мэтью Миллер жазуу түрүндөгү маалыматында: «Блинкен БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш менен Орусиянын Кара деңиз дан демилгесин 17-июлга чейин узартпоо жөнүндөгү билдирүүлөрү боюнча жолугушту»,-деди.

Билдирүүдө Блинкен менен Гутерриштин, келишимдин глобалдык азык-түлүк коопсуздугу үчүн мааниси жана анын токтоп калышынын өзгөчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү азык-түлүк импорттоочуларына тийгизе турган терс таасири темасында макулдашкандары белгиленди.

Орусиянын 2022-жылдын 24-февралында Украинага каршы кол салуусунун дүйнөлүк азык-түлүк бааларына тийгизген таасирин азайтуу максатында БУУ, Орусия Федерациясы, Түркия жана Украина 2022-жылдын 22-июлунда Стамбулда өткөрүлгөн аземде Кара деңиз дан коридору келишимине кол коюшкан. 2022-жылдын 19-ноябрынан тарта 120 күнгө узартылган келишимдин 18-мартта кайрадан узартылышына чечим чыгарылган.

Орус жетекчилери 17-июлда бүтө турган келишимди узартуу мүмкүнчүлүгүн көрбөгөндөрүн билдиришкен.



Тектеш кабарлар