Сауд Арабияга ажылык үчүн 1, 5 миллион киши барды

Бул тууралуу Сауд Арабиянын паспорттор боюнча башкы директорлугу маалымат берди.

2003296
Сауд Арабияга ажылык үчүн 1, 5 миллион киши барды

 Сауд Арабия ажылык ибадаты үчүн өлкө тышынан 1 миллион  499 миң 472 кишинин киргендигин билдирди.

Сауд Арабиянын парспорттор боюнча башкы директорлугунун Твиттер баракчасынан берилген билдирүүдө  мусулмандардын ажылык ибадатын аткаруу үчүн дүйнөнүн төрт тарабынан кургактыктан,  деңиз жана аба жолу менен ыйык жерлерге киргендиги эске салынды.

Өлкө тышында 21 -  июнь шаршемби күндөн тарта Сауд Арабияга барган ажы талапкерлери саны 1 миллион  499  миң  472 кишиге жете тургандыгы билдирилген маалыматта булардан  1 миллион  435  миң  14 кишинин аба жолу менен ыйык жерлерге келгендиги тууралуу маалымат орун алды.



Тектеш кабарлар