Гондураста аялдар түрмөсүндө чыккан  чыр  - чатакта каза болгон туткундардын саны 46га жетти

Борбор шаар Тегусигальпадагы Тамара шаарында аялдар абагында кечээ чыккан тополоң жана кагылышууда дагы 5 аял каза болду.

2003072
Гондураста аялдар түрмөсүндө чыккан  чыр  - чатакта каза болгон туткундардын саны 46га жетти

Гондураста аялдар түрмөсүндө чыккан  чыр  - чатакта каза болгон туткундардын саны 46га жетти.

Борбор шаар Тегусигальпадагы Тамара шаарында аялдар абагында кечээ чыккан тополоң жана кагылышууда дагы 5 аял каза болду.

Мара Салватруча менен Баррио 18 бандасынын ортосунда чыккан чыр  - чатакта  26 аял өрттөлүп, 20 аял курал же бычак менен өлтүрүлдү.

Кылмышкерлер камераларына камалып  өрттөлгөн окуяларда жаракат алган 7 аял ооруканада дарыланууда.

Ошол эле учурда мамлекет башчысы Сиомара Кастро окуяларды «коркунучтуу» деп мүнөздөдү.

Кастро тополоңду көчө бандаларынын “коопсуздук кызматкерлеринин берген маалыматы жана макулдугу менен” пландаганын айтты.

Президент Кастро коопсуздук министри Рамон Сабиллонду кызматтан алып, анын ордуна коопуздук директору Густаво Санчести дайындады.

Бир тараптан Коопсуздук министрлигинин басма сөз катчысы Мигель Мартинес кол салуунун «пландуу» экендигин айтты.

Мартинес кылмыштуу топтун мүчөлөрү күзөтчүлөрдү таасирсиз абалга алып келип, ачкычтарын алгандарын тартып алган коопсуздук камералардын  кийинчерээк талкалангандыгын белгиледи.

Кечээ эртең менен борбор шаар Тегусигальпада Тамара  шаарындагы  аялдар абагында тополоң жана жаңжал чыккан.

Мара Салватруча менен Баррио 18 бандаларынын ортосундагы чыр  - чатактан улам түрмөнүн айланасына көптөгөн коопсуздук күчтөрү жайгаштырылган.



Тектеш кабарлар