Венгрия полициясы расисттик террордук кол салууну пландаган кишини камакка алды

Шектүүнүн үйүндө табылган көп сандаган электрондук аппараттардын конфискацияланганы, шектүүнүн камакка алынгандыгы маалымдалды.

2002403
Венгрия полициясы расисттик террордук кол салууну  пландаган кишини камакка алды

Венгрияда коопсуздук күчтөрү 2011 -  жылы Норвегияда 77 кишинин  өлүмүнө себеп болгон  расисттик террордук кол салууга окшогон террордук кол салууну уюштургандыгы айтылган Норвегия жараны бир кишинин камакка алынгандыгын билдирди.

Венгрия Террор менен күрөшүү борборунан жасалган билдирүүдө Норвегия жараны  45  жаштагы кишинин кол салуунун планын түшүндүргөн көп сандаган видеону санариптик платформаларда бөлүшкөндүгү жана 14 -  июнда бул кишинин Будапешттеги үйүндө  тинтүү жүргүзүлгөндүгү белгиленди.

Билдирүүдө шектүүнүн үйүндө табылган көп сандаган электрондук аппараттардын конфискацияланганы, шектүүнүн камакка алынгандыгы маалымдалды.

Англис жана скандинав тилдеринде бөлүшкөн видеолордо аэропортко, вокзалдарга жана учактарга кол салуу менен коркутканы, «күнөөсүз адамдарды өлтүрөрүн» айткандыгы белгиленген.

Билдирүүдө шектүүнүн аткара турган кыймылы менен  2011-жылы Норвегияда 77 кишини өлтүргөн расист террорист Андерс Беринг Брейвикти артта калтырууну максат кылганы да айтылды.

Норвегиялык жетекчилер менен байланышкан венгер полициясы, бул кишинин өлкөсүндө көптөгөн кылмыштарга катышкандыгын аныктады.



Тектеш кабарлар