Украина түштүктө позицияларын бекемдеп жатат

Украинанын Башкы штабынын басма сөз катчысы Андрей Ковалёв армиянын түштүк фронтто көзөмөлдөгөн позицияларын бекемдеп жаткандыгын билдирди.

2002548
Украина түштүктө позицияларын бекемдеп жатат

Украинанын Башкы штабынын басма сөз катчысы Андрей Ковалёв армиянын түштүк фронтто көзөмөлдөгөн позицияларын бекемдеп жаткандыгын билдирди.

Коргоо министрлигинин Аскердик басма сөз борборунун социалдык медиа эсебинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматында Ковалёв  Украина армиясынын Мелитополь жана Бердянск багытында чабуул операцияларын уланткандыгын белгиледи.

Ковалёв украин аскерлери Новоданиливка-Роботино, Мала Токмачка-Вербове, Вильне Поле-Макаривка багыттарында жарым-жартылай ийгиликке жетишкендигин белгилеп : «Аскерлерибиз көзөмөлгө алган позицияларын бекемдеп жатат»,- деди.

Ковалёв орустардын негизги күч-аракетин коргонууга, украин армиясынын илгерилешине жол бербөөгө, резервдерди колдонууга жана жоголготкон позицияларды кайтарууга багытталгандыгын белгиледи.

Украина күчтөрүнүн орустардын алдыга жылышын токтотууну улантып жаткандыгын айткан Ковалёв  өзгөчө Лиман багытынын Ямроливка жана Серебрянск токой аянттарында катуу кагылышуулардын улантып жаткандыгын билдирди.

Ковалёв украин аскерлеринин Белогоровка - Шипиливка багытында чабуулдук операцияларын жүргүзүп, жарым-жартылай ийгиликке жетишкенин билдирди.

Россиянын Коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинен берилген маалыматта бүгүн Украинанын Москва аймагындагы объектилерге 3 учкучсуз учуучу аппарат менен кол салуу аракетине бөгөт коюлганы белгиленди.

Учкучсуз учуучу аппараттардын электрондук согуш куралдары менен көзмөлдөн чыгарылгандыгы жана атып түшүрүлгөндүгү айтылган билдирүүдө кол салууда эч кандай жоготуунун болбогондугуна да орун берилди.



Тектеш кабарлар