Мексикадагы ысык аба толкуну

Мексикада акыркы учурлардагы ысык аба толкунунан улам каза болгондордун саны  37ге жетти.

2002476
Мексикадагы ысык аба толкуну

Мексикада акыркы учурлардагы ысык аба толкунунан улам каза болгондордун саны  37ге жетти. 

Мексика басма сөзүндө орун алган кабарга караганда өлкөнүн өзгөчө түндүк-батышында жана түштүк-чыгышында болгон рекорддук температуралардан улам каза болгондордун саны ылдам өсүүдө.

Июнь айынын башынан бери күчөгөн катуу ысыктан 37 адам каза болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта жалпы өлкөдө  426  кишинин күндөүн таасиринен улам ооруканаларга кайрылгандыгы, айрымдарынын абалынын оор экендиги белгиленди. 

Билдирүүдө өлкөнүн Веракрус штатында абанын температурасы 43 градуска жетип, бул жерде 14 киши, Табаско штатында 8 киши, Оахака, Тамаулипас ​​жана Коахуилада 3төн киши, Сонора, Сан Луиз Потоси жана Синалоа штатнда  2ден кишинин  каза болгондугу билдирилди.

Улуттук метеорология кызматы (SMN) жалпы  өлкө боюнча ысык толкундун  дагы 10-15 күнгө созулаарын жарыялап, өнөкөт оорулуулардын мажбур  болмоюнча, белгилүү сааттарда сыртка чыкпоону сунуштады.

Температура 40 градустан ашкан Мексикада «акыркы жылдардын эң кыйын күндөрүнүн өтүп жаткандыгы» билдирилди. 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин 17-июндагы билдирүүсүндө катуу ысыктан 8 кишинин каза болгондугу маалымдалган. 

 



Тектеш кабарлар