Петтери Орпо Финляндиянын премьер-министри болду
Финляндия парламентинин жазуу түрүндөгү маалыматында, Орпонун 81 каршы 107 макул добуш менен премьер-министрликке шайланганы белгиленди.
Финляндия парламенти, жалпы шайлоону биринчилик менен аяктап коалиция сүйлөшүүлөрүн жүргүзгөн Улуттук коалиция партиясынын лидери Петтери Орпону премьер-министрликке шайлады.
Финляндия парламентинин жазуу түрүндөгү маалыматында, Орпонун 81 каршы 107 макул добуш менен премьер-министр болуп шайланганы белгиленди.
Процедурага ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыгы президент Саули Ниинистёго тапшырылат. Ниинистё бүгүн жаңы премьер-министрди жана өкмөттү дайындайт.
2007-жылдан бери депутат болуп келген Орпо 2016-жылдан бери да Улуттук коалиция партиясынын төрагалыгын жүргүзүүдө.
Финляндияда жаңы өкмөттүн курамында Улуттук коалициялык партиядан 8, Чыныгы финдер партиясынан 7, Швециянын элдик партиясынан жана Христиан-демократтар партиясынан 4 жалпы 19 министр болот.
Тектеш кабарлар
Махмуд Аббас палестиналыктарга тынчсызданууда
Аббас Сауд Арабияда өткөн Эр-Рияд экономикалык форумунун атайын сессиясында сөз сүйлөдү.