Пакистанда катуу жамгыр: 7 адам каза болду
Dawn гезитиндеги кабарга караганда, нөшөрлөгөн жамгыр Хайбер-Пахтунхвага караштуу Банну жана Пешаварда жашоого терс таасирин тийгизди.
2002033
Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында катуу жааган жамгырдан 7 адам каза болуп, 72 киши жаракат алды.
Dawn гезитиндеги кабарга караганда, нөшөрлөгөн жамгыр Хайбер-Пахтунхвага караштуу Банну жана Пешаварда жашоого терс таасирин тийгизди.
Жамгырдан улам болгон апаат жана кырсыктарда Баннуда 5, Пешаварда 2 киши каза тапты. Провинциянын жалпысында 72 адам жаракат алды.
Катуу шамалдын себебинен айрым аймактарда үйлөр жараксыз абалга келип, нөшөрлөгөн жаандын айынан сел жүрдү.