Индияда катуу жамгыр жана сел

Ассамдын Чиранг, Дарранг, Дхемаджи, Дубри, Дибругарх, Кокрайхар, Лакхимпур, Налбари, Сонитпур жана Удалгури аймактарында селден 30 миң 700 кишинин жабыркаганы кабарланды.

2001996
Индияда катуу жамгыр жана сел

Индиянын Ассам штатында нөшөрлөгөн жамгырдан улам жүргөн селден 30 миң 700 киши таасирленди.

Индия медиасындагы кабарларга караганда, Ассам штатынын Апаат башкаруу башкармалыгынын (ASDMA) билдирүүсүндө, штатта катуу жааган жамгырдын суу ташкынына себеп болгону белгиленди.

Ассамдын Чиранг, Дарранг, Дхемаджи, Дубри, Дибругарх, Кокрайхар, Лакхимпур, Налбари, Сонитпур жана Удалгури аймактарында селден 30 миң 700 кишинин таасирленгени кабарланды.

Бул адамдардын 22 миңден ашууну жашаган Лакхимпурдун селден эң көп жабыр тарткан аймак экени баса белгиленип, апааттан улам 7 аймакта жардам бөлүштүрүүчү 25 борбордун түзүлгөнү маалымдалды.

Ассамда 444 айылды суу каптап, 4700 гектарга жакын айыл чарба жерине зыян келтирилгени айтылды.

Ассамдын ар кайсы аймактарында жер көчкүлөрдүн жүргөнү, жолдор, көпүрөлөр жана инфраструктуранын жабыркаганы билдирилди.

Индиянын метеорология кызматы (IMD) Ассам штатынын көптөгөн аймактарында 5 күн бою нөшөрлөгөн жаан жаашы мүмкүн деп божомолдоп "кызыл эскертүү" жарыялады.



Тектеш кабарлар