Гутерриш: "Терроризм дүйнөнүн ар бир аймагына таасирин тийгизүүдө"

Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу башкы кеңсесинде, мүчө мамлекеттердин терроризмге каршы күрөшүү агенттиктеринин жогорку деңгээлдеги 3-конференциясында сөз сүйлөдү.

2001822
Гутерриш: "Терроризм дүйнөнүн ар бир аймагына таасирин тийгизүүдө"

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриш «террордун дүйнөнүн ар бир аймагына таасирин тийгизгенин» баса белгилеп, террор менен күрөшүүнүн эл аралык деңгээлде колдоого алынышы керектигин айтты.

Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу башкы кеңсесинде, мүчө мамлекеттердин терроризмге каршы күрөшүү агенттиктеринин жогорку деңгээлдеги 3-конференциясында сөз сүйлөдү.

Баш катчы: «Терроризм дүйнөнүн ар бир аймагына таасирин тийгизүүдө. Жергиликтүү жана улуттук коопсуздуктун алсыздыктарынан, саясий, экономикалык жана коопсуздук системаларынын туруксуздугунан пайдаланууда», - деди.

Жакырчылык, теңсиздик жана социалдык четтөөнүн терроризмди күчөткөнүн баса белгилеген Гутерриш, «акчаны адалдоо, мыйзамсыз кен казуу жана курал-жарак, баңгизат, экспонаттар жана адам аткезчилиги» сыяктуу кылмыштуу иштердин терроризмди каржылаганын айтты.

Гутерриш террор менен күрөшүү конференциясында, чечүүчү жол сунуштарын 4 пунктта санады.

Террор менен күрөшүүдө бул аракеттердин борборунда болгон БУУнун Глобалдык Террор менен күрөшүү стратегиясынын биринчи бөлүгүнүн күчтөндүрүлүшүн каалаган Гутерриш, террор коркунучун жок кылуу үчүн алдын алуучу элементтерге көңүл бурулушу, адам укуктарына аяр мамиле жасалышы жана ушул максатта жетиштүү ресурстарды бөлүштүрүү сыяктуу чаралардын маанисине да басым жасады.

«Ушул дем алыш күндөрү БУУнун глобалдык антитеррордук стратегиясы боюнча резолюциянын Башкы ассамблея тарабынан бир добуштан кабыл алынышын чыдамсыздык менен күтүп жатам» деген Гутерриш, ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин терроризм менен күрөшүү үчүн убада кылган каржылоо милдеттенмесинин аткарылышын талап кылды.



Тектеш кабарлар