Шольц Столтенберг менен Берлинде биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү

Шольц: «Согуш дагы көпкө созулушу мүмкүн, ошого жараша даяр болушубуз керек»

2001666
Шольц Столтенберг менен Берлинде биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү

Германиянын канцлери Олаф Шольц Орусия-Украина согушунун узакка созулушу мүмкүн экенин эскертип, ага даярдануу керектигин айтты.

Шольц НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен борбор шаар Берлинде өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында, жолугушуунун негизги темасынын Вильнюстагы НАТО саммитине даярдануу болгонун белгиледи.

Саммиттин Орусиянын Украинага каршы согушу жана анын кесепеттери менен күрөшүүнүн тереңирээк талкуулана турган жыйын болорун билдирген Шольц: «Согуш дагы көпкө созулушу мүмкүн, ошого жараша даяр болушубуз керек»,-деди.

Финляндия менен Швециянын Вильнюста союздаштар катары үстөлдө болушунун өзү үчүн абдан маанилүү экенин баса белгилеген канцлер Шольц: «НАТОнун баш катчысы менен өзгөчө Түндүк деңиздеги орчундуу инфраструктуранын коопсуздугун да талкууладык. НАТОнун координация ролун жогорулатууга байланыштуу убадасы үчүн башкы катчыга ыраазычылык билдиргим келет. Газ куурлары менен бирге суу астындагы кабелдерди же шамал турбиналарын саботаж кылуу да бүткүл альянстын коопсуздугуна таасирин тийгизет»,-деп айтты.

НАТОнун баш катчысы Столтенберг да НАТОнун Украинадагы согуштун Орусиянын шарттарына ылайык бүтүшүнө каршы экенин белгилеп: «Баарыбыз бул согуштун бүтүшүн каалайбыз, бирок бул адилеттүү тынчтык, кагылышуунун токтотулушу жана Орусиянын буйругун кабыл алуу дегенди билдирбейт»,-деди.



Тектеш кабарлар