Сауд Арабия: Ажылыкка бир миллиондон ашык адам келди

Сауд Арабиянын Ажылык жана умра министрлигинин зыярат иштери боюнча кеңешчиси Мохаммед аль-Бичави, Al-Ihbariyye телеканалына министрликтин ыйык жерге ажылыкка келгендерге кызмат кылуу иши кызуу жүрүп жатканын билдирди.

2001045
Сауд Арабия: Ажылыкка бир миллиондон ашык адам келди

Сауд Арабиянын Ажылык жана умра министрлиги ажылык үчүн чет өлкөдөн бир миллиондон ашык адам келгенин билдирди.

Сауд Арабиянын Ажылык жана умра министрлигинин зыярат иштери боюнча кеңешчиси Мохаммед аль-Бичави, Al-Ihbariyye телеканалына министрликтин ыйык жерге ажылыкка келгендерге кызмат кылуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрү жана кызматкерлери менен иштеп жатканын айтты.

Бичави зыяратчыларды кабыл алуу үчүн бардык чек ара дарбазаларынын ачылганын жана ажылыкка келгендерди тосуп алуу жана кирүү процедураларын тез бүтүрүү үчүн эң жогорку деңгээлдеги даярдыктар менен жабдылганын айтты.

Медина жана Меккедеги бардык аэропорттордун ажылык үчүн келгендердин процедураларынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрү менен иштегенин белгилеген Бичави, ушул убакка чейин ажылык үчүн чет өлкөдөн бир миллиондон ашуун кишинин келгенин айтты.



Тектеш кабарлар