Министр Гүлер НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынына баа берди

Министр Гүлер НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынынан кийин Бельгиянын борбор шаары Брюсселде түрк журналисттери менен НАТОнун штаб- квартирасында жолугушту.

2000946
Министр Гүлер НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынына баа берди

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер НАТОнун штаб - квартирасында өткөргөн жолугушуулар тууралуу : «Эки тараптуу жолугушууларыбызда НАТОнун «Ачык эшик саясатын» колдой турганыбызды жана Швеция үч тараптуу меморандумда жазылган милдеттенмелерин так аткарса, Финляндия сыяктуу НАТОнун мүчөсү боло аларын союздаштарыбызга билдирдик»,- деди.

Министр Гүлер НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынынан кийин Бельгиянын борбор шаары Брюсселде түрк журналисттери менен НАТОнун штаб- квартирасында жолугушту. Бул жерде суроолорго жооп берген жана күн тартиби боюнча баа берген министр Гүлер НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынынын биринчи отуруму болгон НАТО-Украина комиссиясынын жыйынында НАТО-Украина карым- катнаштарын жана ушунун алкагында Вильнюс саммитинде чыгарылышы күтүлгөн чечимдер тууралуу көз караштарын билдиришкендерин айтып : «Европа Биримдигинин жогорку өкүлү да катышкан бул отурумда Европа Биримдигине мүчө эмес союздаштардын Европа Биримдигинин коргонуу демилгелерине кошулушунун Европанын коопсуздугу жактан маанисин да белгиледик»,- деди.

Гүлер НАТОнун штаб- квартирасындагы жыйындын экинчи отурумунда учурдагы коопсуздук чөйрөсүндө альянстын бөгөт коюу жана коргонуу позициясын күчтөндүрүү үчүн аткарылган аракеттердин талкуулангандыгын айтты.

Гүлер жыйындын негизинде НАТОнун штаб- квартирасында НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен бирге АКШ, Бириккен Королдук, Эстония, Литва, Греция, Франция жана Нидерландиянын коргоо министрлери менен өткөргөнжолугушууларда НАТО күн тартибиндеги темалар жана эки тараптуу карым- катнаштар жактан маанилүү башка жагдайларды талкуулашкандарын баса белгилеп : «Эки тараптуу жолугушууларыбыздаНАТОнун «Ачык каалга» саясатын колдогондугубузду жана Швеция да үч тараптуу меморандумда жазылган милдеттенмелерин так аткарса, Финляндия сыяктуу НАТОнун мүчөсү боло аларын союздаштарыбызга билдирдик»,- деди.

Коргоо министрлеринин жыйынынан улам күн тартибиндеги темаларга байланыштуу Түркиянын көз караштарын биринчи ооздон билдиришкендеринбелгилеген Гүлер : «Террор менен күрөшүү тууралуу жоопкерчилигибизди бардык чөйрөдө болгондой эле бул жерде да айттык. ПКК/ЙПГ/ПЙД, ФЕТӨ, ДЕАШ, Аль Каида жана башка террордук уюмдар менен акырына чейин күрөшүүдө чечкиндүү экенибизди баса белгиледик. Бул жагдайда бардык союздаштарыбыздан толук колдоо күтүп жатканыбызды билдирдик.

Түркия НАТОго эң көп салым кошкон өлкөлөрдүн арасында орун алууда. Түркия катары НАТОго жана Европа-Атлантика аймагынын коопсуздугуна, өткөн күндө болгондой эле бүгүн жана келечекте да маанилүү салым кошууну улантабыз».



Тектеш кабарлар