Йенс Столтенберг Украинага бериле турган Ф - 16 аскердик учактар тууралуу маалымат берди
Дания менен Нидерландиянын украиналык учкучтарга бере турган Ф - 16 машыгуусуна токтолгон Столтенберг мындан ыраазы экенин айтты.
![Йенс Столтенберг Украинага бериле турган Ф - 16 аскердик учактар тууралуу маалымат берди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3138/d213/3435/642ad3946d2db.jpg?time=1718739468)
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украинага бериле турган Ф - 16 аскердик учактардын качан берилери учкучтардын машыгуусуун канча убакытка созуларына жана союздаш өлкөлөрдүн аянттагы муктаждыктар тууралуу баа берүүсүнө байланыштуу экендигин айтты.
Столтенберг НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынынын акырында маалымат жыйын өткөрдү.
Дания менен Нидерландиянын украиналык учкучтарга бере турган Ф - 16 машыгуусуна токтолгон Столтенберг мындан ыраазы экенин айтты.
Ф - 16 учактары Украинага качан жеткирилет деген суроого Столтенберг төмөнкүчө жооп берди : «Мунун качан ишке ашары албетте, машыгуунун канча убакытка созулушуна жана биздин муктаждыктар тууралуу баа берүүбүзгө байланыштуу»,- деди.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718739469)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.