Гутерреш Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банкын реформа жасоого чакырды
Бай өлкөлөрдүн жакыр өлкөлөргө караганда IMFтен көбүрөөк пайда көргөнүн белгилеген Гутерреш, IMF жана Дүйнөлүк банктын «тарыхый каталардан» кайтуусу керектигин айтты.
![Гутерреш Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банкын реформа жасоого чакырды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/25dd/230b/fa38/6308c04dcabc7.jpg?time=1718817408)
БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банктан жетишээрлик пайдалана албагандыгын белгилеп, бул мекемелерди реформа жасоого чакырды.
Гутерреш Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банктын Ковид-19 эпидемиясы мезгилиндеги иштерин “ийгиликсиздик” деп сыпаттады жана бул абал ондогон өлкөлөрдү карызга батыргандыгын баса белгиледи.
Бай өлкөлөрдүн жакыр өлкөлөргө караганда IMFтен көбүрөөк пайда көргөнүн белгилеген Гутерреш, IMF жана Дүйнөлүк банктын «тарыхый каталардан» кайтуусу керектигин айтты.
Гутерреш эпидемия учурунда 772 миллион калктуу Г 7 өлкөлөрүнүн IMFтен 280 миллиард доллар, ал эми 1,1 миллиард калктуу аз өнүккөн өлкөлөргө 8 миллиард доллардын бөлүнгөнүнө көңүлдөрдү бурду.