Одесса шаарына ракеталык кол салуу жасалды

Орусиянын Кара деңизден Одесса шаарына 4 даана алыс аралыкка учуучу жогорку тактыктагы «Калибр» ракетасын учурганы, 2 ракетанын Украинанын коргонуу системалары тарабынан атылганы белгиленди.

1999394
Одесса шаарына ракеталык кол салуу жасалды

Украинанын Одесса шаарына ракеталык кол салууда 3 киши каза болду.

Украинанын Түштүк Операция командирлигинен берилген маалыматта, Орусиянын Кара деңизден Одесса шаарына 4 даана алыс аралыкка учуучу жогорку тактыктагы «Калибр» ракетасын учурганы, 2синин Украинанын коргонуу системалары тарабынан атылганы белгиленди.

2 ракетанын болсо Шевченко бизнес борборуна жана анын айланасындагы имараттарга зыян келтиргени кабарланды.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматына караганда, кол салуудан 3 адам каза болуп, 7 киши жаракат алды.

Окуя болгон жерде издөө-куткаруу топторунун өз ишин улантып жатканы билдирилди.



Тектеш кабарлар