Ливанда айлык акы төлөнбөй калышы мүмкүн

Ливандын премьер-министри Нажиб Микатинин жетекчилигинде өткөрүлгөн Министрлер кеңешинин жыйналышынан кийин берилген жазуу түрүндөгү маалыматта бул тууралуу маселелерге орун берилди.

1999627
Ливанда айлык акы төлөнбөй калышы мүмкүн

Ливандын премьер-министри Нажиб Микати Парламент кошумча төлөм боюнча чечим чыгарбаса, июнь айында мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысын төлөй албай турганын айтты.

Микатинин жетекчилигинде өткөрүлгөн Министрлер кеңешинин жыйналышынан кийин берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда премьер-министр, Парламент мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысына кошумча төлөм жасоого чечим чыгарбаса июнь айында төлөмдөрдү жасай албай тургандарын айтты.

2019-жылы өкмөттүн отставкага кетиши, борбор шаар Бейруттагы порттун жарылуусу жана өлкөдө жаңы типтеги коронавирус (COVID-19) эпидемиясы сыяктуу окуялар экономикага терең таасирин тийгизди.

4 жылга жакын убакыттан бери уланып келе жаткан экономикалык кризистин шартында валюта резервинин эрип кетпеши үчүн банктардагы долларлык депозит эсептери тоңдурулду.

Калкынын 80 пайызынын жакырчылык чегинде экени билдирилген Ливанда 14-мартта кара базарда 100 миң ливан лирасы деңгээлинде сатылган доллар 21-мартта 140 миң лирага жетип жаңы рекорд койду.

Учурда кара базарда доллар 94 миң ливан лирасынан сатылууда.

Кризиске чейин Ливанда мамлекеттик кызматкердин айлыгы 1000 доллардын тегерегинде болсо, азыр 100 долларга чейин түштү.



Тектеш кабарлар