Израилдин Дамаскка кол салгандыгы билдирилди

Израиль жарандык согуш башталган  2011 -  жылдан бери Сирияда кээ кээде Иран колдогон топторго жана Сирия армиясына таандык аскердик пункттарга кол салууда.

1999336
Израилдин Дамаскка кол салгандыгы билдирилди

Израилдин Сириянын борбор шаары Дамасктагы айрым аскердик пункттарга абадан кол салгандыгы билдирилди.

Сирия маалымат агенттиги САНАнын аскердик булактарга таянып берген кабарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 01:05те Дамасктын  түштүк -  батышындагы айрым пункттардын Израиль күчтөрү тарабынан абадан бутага алынгандыгы айтылды.

Кабарда : «Абадан коргонуу системаларыбыз душман ракеталарын тосуп алып, айрымдары атып түшүрлдү. Бир аскер жаракат алган кол салууда материалдык зыян келтирилди»,- деп билдирилди.

Израиль мекемелеринен билдирүү келген жок.

Дамаск жана элетиндеги аймактарда Сирия армиясы менен Иран колдогон террордук группалар жана Ливан Хизбуллахынын элементтери бар.

Израиль жарандык согуш башталган  2011 -  жылдан бери Сирияда кээ кээде Иран колдогон топторго жана Сирия армиясына таандык аскердик пункттарга кол салууда.



Тектеш кабарлар