Грек медиасы 59 мыйзамсыз мигранттын каза болгондугун билдирди

Грециянын  Мора жарым аралына жакын жерде ичинде балыкчы кемесинин чөгүүсү менен ичиндеги 59 мыйзамсыз мигрант каза болду.

1999720
Грек медиасы 59 мыйзамсыз мигранттын каза болгондугун билдирди

Грециянын  Мора жарым аралына жакын жерде  балыкчы кемесинин чөгүүсү менен ичиндеги 59 мыйзамсыз мигрант каза болду.

Грек медиасында орун алган кабарга караганда Мора жарым аралында Наварин чебине жакын жерде мыйзамсыз мигранттарды ташыган балыкчы кемеси белгисиз себеп менен оодарылган

Эл аралык сууларда болгон окуяда  59 мигрант каза болуп, 100дөн ашууну куткарылды. Куткарылган мигранттрадын Каламата портуна алып барылгандыгы жана издөө – куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгы маалымдалды.

Ливандан алган мыйзамсыз мигранттарды Италияга алып баруу үчүн жолго чыккан кемеде канча кишинин болгондугу азырынча белгисиз.

Мигранттардын Сирия, Афганстан жана Пакистандан экендиги билдирилди.

Грециянын президенти Катерина Сакеларопулу да куткарылган мигранттарга жардам берүү үчүн Каламатага барат.

Бир тараптан Крит аралына жакын жерде да бүгүн эрте менен 80 мыйзамсыз мигранттын куткарылгандыгы кабар берилди.



Тектеш кабарлар