Францияда кургакчылык эскертүүсү

Бечу, сууну көбүрөөк үнөмдөө керектигин баса белгиледи.

1999779
Францияда кургакчылык эскертүүсү

Франциянын экологиялык трансформация министри Кристоф Бечу өлкөдө жер астындагы суунун деңгээли сезондук нормадан төмөн экенин жана жайдын кургак болушу мүмкүн экенин билдирди.

Бечу CNewsке берген маалыматында, бул жайда өлкөдө кургакчылык болушу мүмкүн экенин эскертти.

Өзгөчө Рона өрөөнү жана Жер Ортолук деңиз жээги сыяктуу түштүк аймактарда кургакчылык коркунучу тууралуу олуттуу тынчсыздануулары бар экенин айткан Бечу, сууну көбүрөөк үнөмдөө керектигин баса белгиледи.

Бечу өлкөнүн жер астындагы суунун 66 пайызынын июнь айы үчүн нормадан төмөн экенин, 15 аймакта сууну колдонууга катуу чектөөлөр киргизилгенин айтты.

Ошондой эле өткөн жылы кургакчылыктан улам башталган токой өрттөрүнүн быйыл жайда кайталануу коркунучу бар экенин белгиледи.

Президенттик аппарат "буга чейин болуп көрбөгөн климаттык окуя" деп мүнөздөгөн былтыркы токой өрттөрү 72 миң гектар аянтты жабыркатып, 60 миңдей адамдын эвакуацияланышына себеп болгон.



Тектеш кабарлар