Украина Благодатнеден кийин Макаривканы да алды

Украинанын Коргоо министринин орун басары Анна Маляр маалымат берди.

1998334
Украина Благодатнеден кийин Макаривканы да алды
donetsk.jpg
ukrayna esir askerler.jpg

Украина Благодатнеден кийин Макаривка конушунун да орустардын көзөмөлүнөн алынганын билдирди.

Украинанын Коргоо министринин орун басары Анна Маляр социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, украин аскерлеринин Бахмут багытында чабуулдарын улантканын айтып: «Берхове суу сактагынын аймагында 250 метр алдыга жылдык»,-деди.

Маляр түштүктө эки багытта 300дөн 1500 метрге чейин илгерилешкенине көңүл буруп: «Благодатне жана Макаривка конуштары басып алуудан бошотулду»,-деп маалымдады.

Коргоо министринин орун басары Маляр украин аскерлери коргонууну уланткан аймактарда позицияларынын сакталгандыгын айтты.

Украинанын куралдуу күчтөрүнө караштуу Алексей Довбуш 68-Аңчылар союзу социалдык медиадагы билдирүүсүндө, Донецк облусунун Благодатне айылын оккупациядан бошоткондорун жарыялаган.

Бир тараптан Орусия менен Украинанын ортосундагы акыркы туткун алмашууда 189 аскер үйлөрүнө кайтты.

Украинанын президенттик аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак 95 украин аскеринин Орусиядан кайтарылганын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги да колго түшкөн жана өлүм коркунучунда турган 94 орус аскеринин Киев режиминин көзөмөлүндөгү жерлерден кайтарылганын маалымдады.  



Тектеш кабарлар