Сириянын түндүгүндөгү Тель-Рыфаттан ПКК/ЙПГнын СУАга кирүү аракети...

Жергиликтүү коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, кагылышууда жоготууга учураган ПКК/ЙПГ террористтери чегинүүгө аргасыз болду.

1998609
Сириянын түндүгүндөгү Тель-Рыфаттан  ПКК/ЙПГнын СУАга кирүү аракети...

Сириянын түндүгүндөгү Тель-Рыфат районунан жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын Сириянын улуттук армиясынын (СУА) фронт линиясына өтүү аракетине бөгөт коюлду.

Түркия чек арасына 18 километр алыстыкта ​​жайгашкан Тель-Рыфат районун 6 жылдан ашуун убакыттан бери басып алган ПКК/ЙПГ террористтери, түн ичинде Халеб облусунун түндүк элетинде аскердик каршылаштарынын көзөмөлүндөгү Азез, Маре, Кеферкелбин жана Келчибрин аймактарына кирүүгө аракет кылышты.

Ушундан улам СУА бир убакта 4 башка жерден кол салууга аракет кылган террористтер менен кагылышып, кирүү аракетинин мизин майтарды.

Жергиликтүү коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, кагылышууда жоготууга учураган ПКК/ЙПГ террористтери чегинүүгө аргасыз болду.

Террордук уюм ПКК/ЙПГ кечээ кечинде да Килис Өнжүпынар бажы дарбазасынын айланасына ракеталар менен кол салып, ракеталар бош талаага түшкөн.

ПКК/ЙПГ террористтери 2016-жылдын февраль айында Орусиянын абадан колдоосу менен Тель-Рыфат жана анын айланасындагы кээ бир конуштарды басып алышкан.

Террордук уюм 250 миңге жакын жаранды Тель-Рыфат жана айланасынан көчүүүгө мажбурлады жана айтылган калк Түркия чек арасына жакын аймактарга баш калкалады.

Бул жерден ПКК/ЙПГ террористтери «Евфрат калканы» операциясы жана «Зайтун бутагы» операциясы аймагындагы отурукташуу жерлери менен коопсуздукту камсыз кылган түрк коопсуздук күчтөрүнө жана оппозициячыл согушкерлердин турумдарына кол салууда.



Тектеш кабарлар