Пакистанда Biparjoy циклонунан улам эвакуация

Циклон бороон-чапкыны 15-июнда Пакистандын жээк бөлүгүнө чейин жетет деп күтүлүүдө.

1998694
Пакистанда Biparjoy циклонунан улам эвакуация

Пакистанга жакындаган Biparjoy циклонунан улам Синд провинциясынын жээгинде эвакуация иштери башталды.

Geo News телеканалындагы кабарга караганда аймактын өкмөтү ушул убакка чейин Шах Бандар аралынан 2 миң кишини эвакуациялап, коопсуз аймактарга жайгаштырды.

Жетекчилер циклондун таасирдүү болушу күтүлгөн Бадин аймагынын айылдарынан 50 миң кишинин эвакуациялана турганын жарыялашты.

Карачи жээк жолу да элдин деңизге чыгышына жол бербөө үчүн унаа кыймылына жабылды.

Циклон бороон-чапкыны 15-июнда Пакистандын жээк бөлүгүнө чейин жетет деп күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар