Иран чек арасында талибдердин машыгуусу

Талибан өкүлдөрү аскердик машыгууyey борбордук Заранч районунда өткөнүн жарыялашты.

1997706
Иран чек арасында талибдердин машыгуусу

Ооганстанда Талибан күчтөрү Иран чек арасындагы Нимруз провинциясында оор куралдарды колдонуу менен аскердик машыгуу өткөрдү.

Талибан өкүлдөрү, аскердик машыгуунун борбордук Заранч районунда өткөнүн жарыялашты.

Машыгуунун максатынын Талибан мүчөлөрүнө жаңы тажрыйбаларды берүү экени айтылды.

2021-жылдын августунда талибдер Ооганстандын бийлигине келгенден кийин Талибан күчтөрү менен Пакистан жана Ирандын чек ара күчтөрүнүн ортосунда маал-маалы менен куралдуу кагылышуулар болуп турат.

Талибан менен Ирандын чек ара күчтөрү акыркы жолу 27-майда Нимруз чек арасында кагылышып, 2 ирандык аскер жана 1 талиб каза болгон.

Тараптар бири-бирин кагылышты сен баштадың деп айыптап, бирок сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тирешүү токтогон.

Талибан менен Ирандын ортосундагы маал-маалы менен болгон чек ара кагылышынан тышкары, эки тарап Хилменд дарыясындагы сууну бөлүшүү темасында да келише албай жатат.

Талибан башкаруусу аймактагы кургакчылыктан улам Хилменд дарыясындагы суу сактагычтарда суунун көлөмүнүн азайганын жана бул себептен суунун Иранга жетпей жатканын жүйө келтирсе, Иран техникалык делегациянын дамбаларды кыдырып, бул абалды ырастоосу керектигин билдирүүдө. Бирок талибдер буга каршы чыгууда.



Тектеш кабарлар