Герасимов кытайлык кесиптеши менен сүйлөштү

Видеоконференция аркылуу сүйлөшүүдө Герасимов кытайлык кесиптеши Люни кызматка дайындалышы менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы аскердик кызматташтыктын дагы да кеңейээрине ишенимин билдирди.

1997774
Герасимов кытайлык кесиптеши менен сүйлөштү

Орусиянын Башкы штабынын төрагасы Валерий Герасимов Кытайдын Башкы штабынын төрагасы Лю Цзинли менен сүйлөшүү өткөрдү.

Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, видеоконференция аркылуу сүйлөшүүдө Герасимов кытайлык кесиптеши Люни кызматка дайындалышы менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы аскердик кызматташтыктын дагы да кеңейээрине ишенимин билдирди.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин кызматына кайра шайлангандан кийин биринчи чет өлкө сапарын Орусияга жасаганын жана президент Владимир Путин менен жолукканын эске салган Герасимов, эки лидердин жолугушуусунун Орусия-Кытай ар тараптуу өнөктөштүк жана стратегиялык кызматташтыгынын эң жогорку деңгээлде экенин тастыктаганын баса белгиледи.

Орусиянын Башкы штабынын төрагасы: «Учурда болуп жаткан дүйнөлүк окуялардын көмүскөсүндө кабыл алынган чечимдер биздин лидерлердин биргелешкен билдирүүсүндө жазылган улуттук өнүгүү жана коопсуздук жаатындагы узак мөөнөттүү максаттарды, анын ичинде аскердик кызматташтыкты тереңдетүү темаларын түзөт. Орусия менен Кытайдын эл аралык аренадагы аракеттеринин координациясы дүйнөдөгү кырдаалды тең салмактаган таасирге ээ»,-деди.



Тектеш кабарлар