Британия Беларуска жаңы санкцияларды киргизүүнү чечти

Британиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Орусиянын Украинага кол салуусуна активдүү көмөктөшүүсүн улантканы себептүү Беларуска каршы көбүрөөк санкция чечими чыгарылганы кабарланды.

1997521
Британия Беларуска жаңы санкцияларды киргизүүнү чечти

Британия, Орусиянын Украинага басып кирүүсүн колдогону үчүн Беларуска импорт тыюу салуулары менен бирге беларусь медиа компанияларынын үгүт иштерин жүргүзүүсүнө бөгөт коюуга карата чаларды камтыган жаңы санкцияларды киргизүү чечимин кабыл алды.

Британиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Орусиянын Украинага кол салуусуна активдүү көмөктөшүүсүн улантканы себептүү Беларуска каршы көбүрөөк санкция чечими чыгарылганы кабарланды.  

Билдирүүдө айтылгандай, жаңы санкциялар пакетинине Беларустан алтын, цемент, жыгач жана резина импортуна тыюу салуунун киргени, ошондой эле санкциялардын Британиядан Беларуска банкнот жана техника менен бирге химиялык жана биологиялык куралды жасоодо колдонула турган заттар, технология жана материалдардын экспортуна бөгөт коюуну да камтыганы белгиленди.  

Мындан тышкары, Беларустун жалган сөздөрдү таратууну улантып жатканына токтолгон билдирүүдө, белгиленген беларустук маалымат каражаттарынын Британияда үгүт жүргүзүүсүнө бөгөт коюу уруксаты берилгени маалымдалды.



Тектеш кабарлар