АКШ Эфиопияга карата гуманитардык жардамдарын токтотту

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги Эфиопияга бардык азык-түлүк жардамдар муктаждарга жетпегендиктен токтотулганын жарыялады.

1997694
АКШ Эфиопияга карата гуманитардык жардамдарын токтотту

 

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги Эфиопияга бардык азык-түлүк жардамдар муктаждарга жетпегендиктен токтотулганын жарыялады.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) билдирүүсүндө, иликтөөнүн жыйынтыгында өлкөгө жөнөтүлгөн азык-түлүк жардамдарынын муктаж болгондорго жетпегени аныкталып, бардык жардамдарды токтотуу чечими чыгарылганы белгиленди.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги өткөн айда миллиондогон киши  жардамга муктаж болгон Тигрейге жиберилген БУУнун жардамдарынын уурдалып базарларда сатылгандыгына байланыштуу отчет жарыялаган.

Отчеттон кийин АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги да БУУнун агенттиктери да Тигрейге карата жардамдарды токтоткон.

Гуманитардык жардам жана туруктуулук донордук тобу (HRDG) жардамдардын Эфиопиянын федералдык өкмөт өкүлдөрү тарабынан уурдалганын ырастады.



Тектеш кабарлар