Уйкусуздук 10 жылдын ичинде шалга алып келет

Изилдөөнүн алкагында 2002-2020-жылдар аралыгында мурда инсульт болбогон адамдарга байкоо салынды.

1997175
Уйкусуздук 10 жылдын ичинде шалга алып келет

Уйкусуздуктан жапа чеккен адамдардын болжол менен 10 жылдан кийин инсульт коркунучуна кабылышы мүмкүн экени аныкталды.

Medpage Today гезитинин кабарына караганда Neurology илимий журналында жарыяланган изилдөөнүн алкагында 2002-2020-жылдар аралыгында мурда инсульт болбогон адамдарга байкоо салынды.

Орточо жашы 61 болгон иликтөө тобундагы адамдардын 57 пайызын аялдар түздү.

Мичиган университетинин Социалдык изилдөөлөр институту тарабынан даярдалган Ден соолук жана пенсиялык изилдөөнүн (HRS) маалыматтарын колдонуу менен доктор Вендеми Савадого жана анын командасы уйкусуздуктун белгилерин инсульт коркунучу менен байланыштырышты.

Виржиния Шериктештик университетинен Савадогонун тыянактары "жеңил" жана "катуу" уйкусуздуктан жабыркаган адамдарда, уйкусуздукка кабылбаган адамдарга салыштырмалуу болжол менен 10 жылдан кийин инсульт алуу коркунучунун жогору экенин көрсөттү.

Савадого катуу уйкусуздуктан жапа чеккен адамдарда ошондой эле диабет, гипертония, жүрөк оорулары жана депрессиянын бар экенине көңүл буруп, мунун инсульт коркунучун дагы да арттырганын белгиледи.



Тектеш кабарлар