Хартумда 280 бала коопсуз аймакка жеткирилди

Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин (ЭККК) Судан делегациясынын башчысы Жан-Кристоф Сандоз жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

1997264
Хартумда 280 бала коопсуз аймакка жеткирилди

Суданда уланып жаткан кагылышуудан улам борбор шаар Хартумдагы балдар үйүнөн чыга албай калган 280 бала коопсуз аймакка жеткирилди.

Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин (ICRC) Судан делегациясынын башчысы Жан-Кристоф Сандоз жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, жарандарды коопсуз аймактарга алып чыгуу аракеттеринин Судандын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен кызматташтыкта ​​уланып жатканын маалымдады.

Хартумдагы балдар үйүндөгү 280 баланын куткарылып, коопсуз аймакка жеткирилгенин айткан Сандоз: «Бул балдардын коопсуз экенин билүү абдан кубандыруучу»,-деди.

Сандоз куткарылган балдардын кагылышуулардан улам муктаж болгон саламаттыкты сактоо кызматынан ажыраганын, куткарылгандардын арасында жетим балдар үйүнүн 70 кызматкеринин да бар экенин белгиледи.

Ал арада Судандын борбор шаары Хартумдун батышында жана түштүгүндө армия менен жарым аскерлештирилген Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда кагылышуулар уланууда.



Тектеш кабарлар