Израиль күчтөрү палестиналыктын үйүн кулатты

Израиль күчтөрү оккупациядагы Батыш Шериада палестиналык туткун Ислам ал -  Фарухтун үйүн кулатты.

1997113
Израиль күчтөрү палестиналыктын үйүн кулатты

 Израиль күчтөрү оккупациядагы Батыш Шериада палестиналык туткун Ислам ал -  Фарухтун үйүн кулатты.

Израиль армиясына караштуу бир бөлүк Рамаллада Фарухтун үй  -  бүлөсү жашаган үйдүн астына жарылуучу зат жайгаштырды. Жарылуу 4 кабаттуу имараттын экинчи кабатына чейин таасирдүү болду.

Ошол эле учурда кыйратууга каршылык көрсөткөн мааланын тургундары жаштар менен Израиль аскерлеринин ортосунда кагылышуу чыкты.  Аскерлер чыныгы  жана резина окторду атып, палестиналыктар таштар менен жооп кайтарышты.

Окуяларды 16 палестиналык жаракат алды; ондогон киши ыргытылган газдан таасирленди.

Израиль мекемелери 2023 -  жылдын башынан май айынын акырына чейин оккупациядагы Чыгыш Кудста палестиналыктарга таандык  104 имаратты «уруксатсыз» деген шылтоо менен кулатты.

Израиль күчтөрү кол салуу жасоо менен айыптаган палестиналыктарды камоо жана абакка алуу менен бирге үйлөрүн кулатуу менен да жазаландырууда.

Палестиналык Ислам ал  -  Фарух Батыш Кудста эки башка жердеги автобус аялдамаларына жакын жерде бомбалуу кол салуу менен айыпталып, 2022 -  жылы 27 -  декабрда камакка алынга.



Тектеш кабарлар