Японияда 4 кытайлык камалды

Банги заттардын Бириккен Араб Эмирликтеринен чыккандыгы  катталды.

1997060
Японияда 4 кытайлык камалды

Японияда  Кытайдын 4 жараны банги зат аткезчилиги  менен  камакка алынды.

Расмий Киодо агенттигинин коопсуздук булактарына таянып берген кабарына караганда Токио портуна якорь таштаган жүк кемесинде издөө жүргүзүлдү.

Борбор шаар Токио бажы жетекчилери издөө жүргүзүлгөн кемедеги 7 контейнерден 700 килограммга жакын  банги затты колго түшүрүштү.  Ушул боюнча операцияны баштаган коопсуздук күчтөрү мыйзамсыз банги зат аткезчилиги  шектенүүсү менен Йокохама жана Кавасаки аймактарында Кытайдын 4 жаранын камакка алды. Колго түшүрүлгөн банги заттардын Бириккен Араб Эмирликтеринен чыккандыгы  катталды. 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар