Эквадордо селден 15 миң киши таасирленди
Эквадор басма сөзүндө орун алган кабарга караганда өлкөнүн түндүк батышындагы Эсмерал шаарында катуу жааган жамгыр селге себеп болду.
Түштүк Америка өлкөсү Эквадордо нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон селден 15 миң кишинин жапа чеккени билдирилди.
Эквадор басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, өлкөнүн түндүк батышындагы Эсмерал шаарында катуу жааган жамгыр селге себеп болду.
Президенттик коммуникациялар башкы катчылыгынын билдирүүсүндө, селден 15 миң кишинин жабыркаганы, 842 кишинин убактылуу баш калкалоочу жайларга жеткирилгени, жарандык коргонуу топтору тарабынан 1467 кишинин куткарылганы белгиленди.
Нөшөрлөп жааган жамгырдан ушул убакка чейин 2 миң 895 үйдүн жабыркаганы жана 1 айлык жаан-чачындын 12 саатта түшкөнү кабарланды.
Билдирүүдө издөө-куткаруу иштери үзгүлтүксүз уланып жатканы, айрым аймактарда болсо электр жана ичүүчү суу кызматтары берилбей жатканы айтылды.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газа жана Рефахка кол салуулары...
Израилдик күчтөр Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарынын чыгышындагы аймактарга кирди.