АКШдан Кытай жана Иранга санкция
АКШнын Иран менен Кытайдагы 7 киши жана 6 уюмдан турган сатып алуу желесине санкция сала тургандыгы белгиленди.

АКШнын Иран менен Кытайдагы 7 киши жана 6 уюмдан турган сатып алуу желесине санкция сала тургандыгы белгиленди.
АКШнын мамлекеттик департаментинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Ирандын баллистикалык ракета программасында ачкыч роль ойногон киши жана уюмдардын бутага алынгандыгы билдирилди.
Бул сатып алуулардын Ирандын Кытайдагы коргоо атташеси тарабынан координацияланганына көңүл бурулган билдирүүдө : "Америка Кошмо Штаттары Ирандын сатып алуу желелерин бузуу үчүн карамагындагы бардык куралдарды колдонуу чечкиндүүлүгүн улантууда жана Иранды кылган кыймылдарынан жоопкерчиликке тартуу үчүн союздаштары жана өнөктөштөрү менен иштешүүдө",- деп айтылды.
Тектеш кабарлар

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Киевде
Боррель: "Украинанын келечеги ЕБде" деген билдирүүсүн бөлүштү.