Украинанын Кургактык күчтөрү Бахмут багытында
Сирский социалдык медиа баракчасынан чыгыш фронтундагы абалга баа берди.

Украинанын Кургактык күчтөрү командири Александр Сирский Бахмут багытында илгерилешкенин айтты.
Сирский социалдык медиа баракчасынан чыгыш фронтундагы абалга баа берди.
Бахмут багытында «орустарды жок кылууну» улантып жатышкандыктарын билдирген Сирский: «Биздин Коргоо Күчтөрүбүз алдыга жылууда. Аларга жерден да, абадан да сокку уруп жатабыз»,-деди.
Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр да социалдык тармактагы баракчасында украин аскерлеринин бүгүн чыгыш фронтто контрчабуул операцияларын жүргүзүп жатканын билдирди.
Маляр кагылышуулардын уланып жатканын белгиледи.
Ал арада орус армиясынын Украинанын борбор шаары Киевге түндө ракеталык чабуул жасаганы, 20 бутанын тең абада жок кылынганы кабарланды.
Киев шаарынын Аскердик башкармалыгынын башчысы Сергей Попко социалдык медиа эсебинен жазуу түрүндө билдирүү жасап, жок кылынган ракета бөлүктөрүнүн шаардын Деснян районундагы бир базардын электр зымдарына жана терезелерине зыян келтиргенин айтты.
Тектеш кабарлар

Эфиопияда безгек оорусунан 36 адам каза болду
Безгек оорусунан туура эмес тамактанган балдар жана энелер көп жабыркайт.