Евробиримдиктин энергетикалык кризиси чукул чараларын токтотот

Евробиримдиктин энергетикалык кризиси чукул чараларын токтотот.

1995864
Евробиримдиктин энергетикалык кризиси чукул чараларын токтотот

Европа Биримдиги (ЕБ) комиссиясы өткөн жылы энергетикалык кризистен улам ишке ашырылган электр энергиясына болгон суроо-талапты азайтуу жана электр энергиясын өндүрүүчү компаниялардын кирешелерин чектөө сыяктуу чаралардын жокко чыгарыла турганын жарыялады.

Евробиримдик Комиссиясы жогорку энергетикалык баага чукул чара көрүү үчүн даярдалган отчетун жарыялап, Европа Кеңешине жөнөттү.

Отчетто энергетика рыногу үчүн электр энергиясына болгон суроо-талапты азайтуу, энергия өндүрүүчүлөрдүн кирешесине чектөө киргизүү жана электр энергиясынын чекене баасын белгилөө сыяктуу эрежелердин Европанын энергетика базарларынын жеңилдешине салым кошкону белгиленди.

Отчетто Евробиримдиктин электр рыногундагы сунуш жана баалар өткөн жылга салыштырмалуу олуттуу түрдө өзгөргөндүгү айтылып, «Учурда чукул чаралардын мөөнөтүн узартуу зарыл же максатка ылайыктуу эместей көрүнүүдө»,делди.

Отчетто Евробиримдик Комиссиясынын аталган энергетикалык кризис чараларын узартууну сунуш кылбай турганы белгиленди.

Электр энергиясынын баасы учурда мегаватт-саатына 80 евродон төмөн түшкөнүн эске салган отчетто, 2022-жыл бою байкалган электр энергиясына болгон баалардын кийинки кыш мезгилинде болушу мүмкүн эместиги белгиленди.

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр өткөн жылы Орусия-Украина согушу жана энергетика кризиси менен жаратылыш газ жана электр энергиясынын кымбатташына каршы көптөгөн чара жана колдоо программасын ишке ашырышты.



Тектеш кабарлар