Германиянын коргоо министри энерегтикада Россияга болгон көз карандылыкты азайткандарын белгиледи

Индиянын борбору  Делиде кесиптеши Ражнат Сингх менен жолугушуунун алдында The Indian Express гезитине берген маегинде Россия-Украина согушунун таасири тууралуу билдирүү жасады.

1996180
Германиянын коргоо министри   энерегтикада Россияга болгон көз карандылыкты азайткандарын белгиледи

Германиянын коргоо министри Борис Писториус өлкөсүнүн энергетика тармагында Россияга болгон көз карандылыгын «күтүлбөгөн өлчөмдө» азайткандарын айтты.

Индиянын борбору  Делиде кесиптеши Ражнат Сингх менен жолугушуунун алдында The Indian Express гезитине берген маегинде Россия-Украина согушунун таасири тууралуу билдирүү жасады.

Писториус Германиянын энергетика тармагында Россияга болгон көз карандылыгын «күтүлбөгөн өлчөмдө» азайтканын жана Москва менен карым-катнаштарын үзүү эмес,  тобокелдиктерди азайтуу саясатын ишке ашырышканын белгиледи.

«Европа коопсуздугуна тарыхый таасири болгон» Россия  -  Украина согушунун Германиянын коргонууга каршы мамилесин  өзгөрткөндүгүн  белгилеген Писториус коопсуздук саясатынын бир каражаты катары курал экспорту үчүн жол көрсөтүүчү мүнөзүндөгү Германиянын биринчи Улуттук Коопсуздук Стратегиясы  боюнча иштешкендерин белгиледи.

Министр Писториус Европа Биримдиги өлкөлөрү тарабынан Украинага колдоо көрсөтүү максатында башталган аскердик ок-дары чыгаруу демилгесинин Европа Биримдигине кирбеген өлкөлөргө да ачылышы керектигин баса белгиледи.

Москванын Россия  -  Украина согушунан НАТОну жооптуу деши «ачык жалган» экендигин айткан немис министр коргонуу альянсы болгон НАТОну айыптоо Россиянын «мыйзамды сыйлабагандыгынын» көрсөткүчү экендигин айтты.



Тектеш кабарлар