Гаитиде жер титиреди

Жердин 10 километр тереңдигинде катталган 4,9 баллдык жер титирөөдөн кийин цунами коркунучу тууралуу эскертүү берилген жок.

1996142
Гаитиде жер титиреди

Гаитинин түштүгүндө күчү 4,9 баллга жеткен жер титирөөдө үч адам каза болду.

АКШнын Геологиялык изилдөөлөр кызматы (USGS) жер титирөөнүн очогунун жээктеги Жереми шаарында болгонун жарыялады.

Жердин 10 километр тереңдигинде катталган 4,9 баллдык жер титирөөдөн кийин цунами коркунучу тууралуу эскертүү берилген жок.

Гаитинин Жарандык Коргоо агенттигинин билдирүүсүндө, жер титирөөнүн кесепетинен урандылардын астында калган 3 жансыз дененин табылганы, жаракат алгандардын бир бөлүгүнүн ооруканага жеткирилгени, издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканы кабарланды. 



Тектеш кабарлар