Швеция-Түркия, НАТОго мүчөлүк процесси...

Кристерссон Испаниянын премьер-министри Педро Санчес менен Мадриддеги премьер-министрлик Монклоа резиденциясында жолугушкандан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынга катышты.

1995617
Швеция-Түркия, НАТОго мүчөлүк процесси...

Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон өлкөсүнүн НАТОго мүчөлүк процессинде «мындан кийин чечим чыгара турган жалгыз өлкө Түркия экенин» айтты.

Кристерссон Испаниянын премьер-министри Педро Санчес менен Мадриддеги премьер-министрлик Монклоа резиденциясында жолугушкандан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынга катышты.

Кристерссон, Анадолу агенттигинин (AA) кабарчысы тарабынан: «НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Швециянын Түркияга карата бардык милдеттенмелерин аткарганын айтты. Террор уюму ПККнын мындан ары өлкөңүздө террор пропагандасына уруксат бербей турганына Түркияга жана түрк элине кепилдик бере аласызбы?», - деп сураганда ал: «Бүгүн эртең менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен телефон аркылуу сүйлөштүм жана анын көз караштарына толугу менен кошулаарымды айттым. Швеция Түркия менен түзгөн келишимдин бардык шарттарын аткарды. Эмне кылынышы керек болсо, ошону кылдык. Биз абдан урмат-сыйлуу мамиледе болдук. Мындан ары НАТОго кирүүгө Түркия гана чечим чыгарышы керек, биз эмес.

Биз Түркиянын Швеция аймагынын тышында дуушар болгон террор жана террордук кол салуулардан улам кандай көйгөйлөргө туш болгонун толук билебиз. Экинчи жагынан, албетте, өз өлкөсүндө теракт кайталанбайт деп эч бир өкмөт кепилдик бере албайт. Бирок биз мындай кол салууларды жасагандарды жазалоо үчүн мыйзамдык өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз»,-деп жооп берди.



Тектеш кабарлар