Орусия-Украина согушунда кагылышуулар күчөдү

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Түштүк Донецк багытында фронттун беш жеринде массалык чабуул баштаганын жарыялады.

1995369
Орусия-Украина согушунда кагылышуулар күчөдү
rusya-ukrayna.jpg

Орусия-Украина согушунда кагылышуулар күчөдү.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Түштүк Донецк багытында фронттун беш жеринде массалык чабуул баштаганын жарыялады.

Билдирмеге караганда, 6 механикалаштырылган жана 2 танк батальонунан турган украин күчтөрү Орусиянын коргонуусун жарып өтүүгө аракет кылып, бирок ишке ашкан жок.

Министрликтин билдирүүсүндө, «Украина армиясы 250дөн ашык жоокерин, 16 танкын, 3 жөө аскерлерин жана 21 бронетехникасын жоготту»,-деп айтылды.

Орусиянын башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов да бул багыттагы алдыңкы командалык борборлордун биринде экени айтылды.

Украинанын кургактык күчтөрүнүн колбашчысы Александр Сирский чыгыш фронттун Сватове багытындагы украин аскерлери каршы чабуулга өтүп, 400 метр алдыга жылганын билдирди.

Орусиянын Белгород облусу да кол салуулардын бутасы болду.

Белгороддун губернатору электр станциясында өрт чыкканын, бирок жабыркагандар жок экенин билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков чек ара дарыясын кесип өтүп, Орусиянын Белгород облусунун аймагына кирүүгө аракет кылган украин аскерлери зыянсыздандырылды деп билдирди.

Конашенков украин күчтөрү кечээ Москва убактысы боюнча саат 13:00 чамасында Северский Донец дарыясынан кечип өтүүгө мажбурлаганын жана Белгород облусундагы Новая Таволаянка конушунун четине түшүүгө аракет кылганын белгилеп: «Батыш аскер округунун мамлекеттик чек ара бөлүкчөлөрүнүн аба соккулары жана артиллериялык атуулары менен Киев режимине таандык террористтик түзүмдөр зыянсыздандырылды»,-деди.

Кол салуулардын натыйжасында 10дон ашык украин аскери, 2 катер жана 1 бронетранспортер жок кылынганын баса белгилеген Конашенков, мындан тышкары каршы замбирек атууларында Орусиянын аймагына Харьков областынын Волчанск шаарына жакын жерде «Град» ракеталык комплекси, Польшада жасалган 2 өзү жүрүүчү «Краб» гаубицасы жок кылынганын, муну менен бирге  Украинанын 5 аскер бөлүгүнүн чабуулдарына бөгөт коюлганын белгиледи.

Украинанын Башкы штабы Луганск жана Донецк аймактарын толугу менен басып алууга аракет кылган орус армиясы менен акыркы 24 саатта 29 кагылышуу болгонун билдирди.

Президенттиктин социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүдө орустар тарабынан 14 ракета жана 40 абадан кол салуу жасалганы, жарандар колдонгон жерлердин кол салууларга дуушар болгондугу жана жарандардын каза болгондугу белгиленди.

Купянск, Лиман, Иванивске жана Маринка багытындагы орус чабуулдарынын мизин майтарганы айтылган билдирүүдө, орус армиясынын Запорожье жана Херсон багытында коргонуу кыймылдарын улантканы маалымдалды.

Согуштан эң көп жабыр тарткандар болсо жарандар.

Украинанын президенти Владимир Зеленский согуш башталгандан бери 500 бала кол салуулардан набыт болгонун билдирди.

Украин лидери: «Азырынча жабыркаган балдардын так санын аныктоо мүмкүн эмес»,-деди.

2022-жылдын 24-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйрук бергендиктен, Орусия-Украина согушу башталган.

Путин Киевдин НАТОго мүчөлүгүнө жол бербөө жана аны Орусиянын таасир чөйрөсүндө калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацисттерди жок кылууну максат кылганын айткан.



Тектеш кабарлар