Россия-Украина, окуялар...

Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык тармактагы билдирүүсүндө орус күчтөрү Днепр шаарына чабуул жасаганын билдирди.

1995010
Россия-Украина, окуялар...

Орус күчтөрүнүн Украинанын Днепр шаарына ракеталык чабуулунан 13 киши жаракат алды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык тармактагы билдирүүсүндө орус күчтөрү Днепр шаарына чабуул жасаганын билдирди.

Кол салуудан улам эки кабаттуу үйдүн зыянга учураганын белгилеген Зеленский : «Тилекке каршы урандылардын арасында адамдар калды. Окуя болгон жерде бардык кызматтар иштеп жатат»,-деди.

Зеленский орус армиясын Украинага каршы террордук чабуулдарды уюштурганы менен айыптап: «Биздин мамлекетке жана элибизге каршы жасалган бардык нерсе үчүн орустар жоопкерчиликти алат», - деди.

Днепр облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Сергей Лисак: «Бизде ракеталык чабуулдун кесепетинен жалпы 13 адам жаракат алды. Бул балдардын 3ү 6, 11 жана 15 жашта»,-деп билдирүү жасады.

2022-жылдын 24-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйрук бергендиктен Орусия-Украина согушу башталган.

Путин Киевдин НАТОго мүчөлүгүнө жол бербөө жана аны Орусиянын таасир чөйрөсүндө калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацисттерди жок кылууну максат кылганын айткан.



Тектеш кабарлар